Төө-Ашууда бороон. Жолдо тоскоолдуктар жаралууда

Төө-Ашууда бороон. Жолдо тоскоолдуктар жаралууда

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар калың жаап, бороон болуп, кардын калыңдыгы 25 сантиметрге чейин жеткен. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жолдун көрүнүшү (видимость) начар. Бишкек-Ош унаа жолунун 132-136 тилкесинде өтүү бир гана Ош багытына жүргүзүлүүдө.

Жеңил унаалар үчүн жол кыймылы татаал. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Суусамыр өрөөнүндө жолдун көрүнүшү (видимость) өтө начар. Бишкек-Ош унаа жолунун 162-км 174-км чейин кар жаап, бороон жүрүүдө.

«Кыргызавтожол» МИ №9 ЖТИ тарабынан жолдорду кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүрүп жатат.

Аба ырайына байланыштуу ашуу аймактарына чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, кар чынжырчаларын алып жүрүүнү министрлик сунуштайт.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Тэги: Тоо-Ашуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>