Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Улуттук банк аукцион өткөрдү
20.07.2022 | 22:00
19-июль күнү Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлдү.
Кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды жайгаштыруунун эсебинен өлкөнүн башкы каржы мекемеси банк тутумунан жалпысынан 11,6 миллиард сом алууну пландаштырган.
Аукциондордун жыйынтыгында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,96%, 13,4% жана 13,72%ды түздү.
12-июлда өткөрүлгөн аукционго салыштырмалуу 7 жана 14 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү бир аз төмөндөгөн. Ал эми 28 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү өзгөргөн жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика