Туристтик мезгилде Кыргызстанга келгендер көбөйдү

Туристтик мезгилде Кыргызстанга келгендер көбөйдү

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде “Акжол”, “Кең-Булуң” жана “Токмок” өткөрүү пункттарында эртең менен жана кечинде дем алыш күндөрү жүргүнчүлөрдүн жана автотранспорттордун көп агымы байкалууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде “Достук” постунда дем алыш жана базар күндөрүндө (Кара-Суу базарында дүң соода болгон күндөрү) жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөн.

Өткөрүү пунктунун аймагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине (өткөрүү пунктунун объектилерин реконструкциялоо) карабастан, «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өздүк курамы чек арадан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча коюлган тапшырмаларды аткарып жатышат.

Маселен, 2022-жылдын 19-июлунан 20-июлуна чейин гана өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек арадан 18 миңден ашык адам өткөн, бирок өткөрүү пунктунан иш жүзүндө суткасына 14 миң 400 адам өткөн.

«Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 22 паспорттук текшерүүчү кабина күнү-түнү иштейт.

 

Тэги: туризм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>