Улуттук банк чет элдик валюта сатып алууга шашылбоо керектигин эскертти

Улуттук банк чет элдик валюта сатып алууга шашылбоо керектигин эскертти

Улуттук банк валютанын өсүүсүнө байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө жана чет элдик валюта сатып алуу боюнча операция жүргүзбөөгө чакырат. Бул тууралуу Улуттук банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева 28-февралда валюта базарындагы кырдаал боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 24-февралдан берки көрүнүш – бул психологиялык фактор. Мисалы, 1 доллардын курсу 95 сомго чейин көтөрүлүп, андан кийин 89-90- сомго чейин түшүп кетти.

“Сактоону диверсификациялоо керек, башкача айтканда, аларды түрдүү активдерде сактоо зарыл. Башкача айтканда, жарымысын алтын кылып”, — деди Карабаева.

Ошондой эле ал Кыргызстандын валюта базары салыштырмалуу туруктуу экенин белгилеп, зарыл болгон учурда Улуттук банк керектүү өлчөмдө интервенция кылууга даяр экенин айтты. Аны менен бирге эле, Россиянын банктарын SWIFT системасынан өчүрүүсү кыргызстандык мигранттардын мекенине акча которуусуна таасир этпестигин жана алардын которгон каражаттары үзгүлтүксүз түрдө келе берерин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>