Улуттук банк доллардын кымбатташына түшүндүрмө берди

Улуттук банк доллардын кымбатташына түшүндүрмө берди

Бүгүн, 24-февралда Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рыногундагы абал көзөмөлдө экендигин айтып, жагдайды турукташтыруу үчүн валюталык интервенцияларды жүргүздү. Бул тууралуу борбордук банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Улуттук банктын жетекчилигинин банк коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү, анда ички валюта рыногундагы учурдагы жагдай, ошондой эле учурда орун алып турган геосаясий жагдайга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жол бербөө жана аларды азайтуу, өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн сактоо чаралары боюнча маселелер талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары Украинадагы кырдаалдан улам ички валюта рыногунда АКШ долларына суроо-талаптын жогорулашы байкалып жатканын белгилешти.

“Ушул шарттарда Улуттук банк ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу үчүн валюталык интервенцияларды жүргүздү. Банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо түптөлгөн жагдайга туруктуу көз салып турат. Зарыл болгон шартта ички валюта рыногуна катышуусун улантат жана аны жумшартуу үчүн зарыл инструменттерге ээ”,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Украинада орун алган акыркы окуяларга байланыштуу геосаясий жагдайга, ошондой эле АКШ жана Европа союзуна кирген өлкөлөр тарабынан Орусияга карата санкциялар белгилениши мүмкүндүгү тууралуу маалыматка байланыштуу, тышкы финансылык рыноктордо орус рублинин курсунун жогору волатилдүүлүгү байкалууда.

“Орусия Кыргызстандын соода жана экономика боюнча негизги өнөктөшү болуп саналат жана соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн. Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн финансы рынокторундагы абал ички валюта рыногунда доллардын курсунун өсүшүнө алып келди, мындай абал көбүнчө психологиялык факторлорго жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрүнө байланыштуу келип чыккан”,- деп кошумчалады борбордук банктын маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, 22-февралга карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерви 2 792,4 млн. АКШ долларын түзөт. Эл аралык резерв запасынын жетиштүү болушу жана валюталык интервенцияларды жүргүзүү аркылуу Улуттук банктын ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу валюта рыногунда жагдайдын туруктуу абалда кармалып турушун камсыз кылат.

Айта кетсек, 24-февралда түштөн кийин Кыргызстандын банктарында АКШ долларынын сомго карата курсу кескин түрдө көтөрүлүп, АКШ доллары сомго карата баасы 94-95 сомго чыккан. Евро 106,50–107,50 сомго чейин жеткен. Ал эми рубль 0,70-0,90 сомдон сатылып алынса, 1,06-1,070 сомдон сатылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>