Кыргызстанда өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү текшерүү үчүн «Санариптик чек ара» тиркемеси ишке киргизилди

Кыргызстанда «Санариптик чек ара» мобилдик тиркемеси тааныштырылды. Анын жардамы менен жарандар жана чет өлкөлүктөр мамлекеттик чек арадан өтүү боюнча маалымат ала алышат жана өлкөдөн чыгууга убактылуу тыюу салынган-салынбаганын алдын ала текшере алышат.
Тиркеме БУУнун агенттиктеринин колдоосу менен Мамлекеттик чек ара кызматы жана «Укук» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан. Долбоор БУУнун Тынчтык орнотуу фондунун Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара жамааттарынын кызматташтыгын чыңдоо программасынын алкагында ишке ашырылды.
Тиркеме аркылуу колдонуучулар мамлекеттик чек арадан өтүүнүн актуалдуу эрежелерин, өткөрүү пункттарынын иши жана жеткиликтүү санариптик кызматтар тууралуу маалымат ала алышат. Негизги функциялардын бири — Кыргызстандан чыгууга коюлган убактылуу чектөөнү алдын ала текшерүү мүмкүнчүлүгү болду.
Мындан тышкары, бет ачар учурунда сегиз пилоттук өткөрүү пунктунда киргизилген «Milestone Systems» интеллектуалдык видеобайкоо системасынын иши көрсөтүлдү. Бул система көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга, мониторингди модернизациялоого жана мамлекеттик чек аранын коопсуздугун чыңдоого багытталган.
Расмий тааныштыруудан кийин журналисттер үчүн «Ак-Жол» эл аралык өткөрүү пунктуна пресс-тур уюштурулуп, ал жерде жаңы тиркеменин жана санариптик чечимдердин иши иш жүзүндө көрсөтүлдү.