Мисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылдыКыргызстанда калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилдиЫсык-Көлдө «Ак Илбирс» илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылдыБишкекте Швейцариянын La Landwehr de Fribourg оркестринин концерти өттүТаш-Көмүр шаарында 1,5 млн долларга көмүрдү кайра иштетүүчү завод курулууда
Унаадан жок же акчадан жок. Бишкекте тургун 15 миң долларлык унаасынан кол жууган
29.11.2024 | 09:34
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, быйыл февралда шаар тургуну (М.С.) чала тааныш адамга Kia K5 унаасын 15 миң долларга саткан. Унааны алган киши акчаны 1,5 айда берем деп, бирок аны башка бирөөлөргө сатып жиберген. Алданган жаран милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 38 жаштагы жаран (М.Б.) кармалган.