Унаалар калып калган. Молдонун-Бели ашуусунда жол тазаланууда

Унаалар калып калган. Молдонун-Бели ашуусунда жол тазаланууда

Молдонун-Бели ашуусунда унааларга жол ачылууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Соң-Көл жайлоосунда кар болжол менен 40-50 см, айрым аймактардагы унаа жолдо 1 метрге чейин жеткен күрткүлөр пайда болгондуктан Молдонун-Бели ашуусунда «Кара-Кече» көмүр кенине барган оор жүк ташуучу автоунаалар көмүр жүктөп келе жатып, калып калган.

Мындан улам 16-17-ноябрь күндөрү Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан көмүр тарткан автоунаалардын айдоочулары коопсуз жайга жеткирилген.

Ал эми бүгүн, 18-ноябрда саат 07:00дөн баштап куткаруучулар менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун №18 жол тейлөө мекемесинин 1 даана бульдозери менен Ак-Талаа районунун №15 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери Молдонун-Бели ашуусунун, Соң-Көл жайлоосунун жолдорун тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Автоунааларды ашуудан түшүрүүгө, жолду ачууга жардам кылууга бөлүмдүн 1 даана авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу чыгышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>