Унааларды каттоо июндан баштап арзандайт

Унааларды каттоо июндан баштап арзандайт

1-июндан баштап унааларды кайрадан каттоо арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өкмөттүн токтомуна ылайык, 1-июндан баштап автоунааларды алымдын нөлдүк ставкасы менен кайрадан каттоо боюнча улуттук кампания башталат. Акциянын алкагында жаңы автоунааларды сатып алган же автоунааларын кайра каттоодон өткөрүүнү каалаган жарандар жана юридикалык жактар автоунаанын орточо базар баасынан 0,3% өлчөмүндө төлөм төлөшпөйт.
Алымдын нөлдүк ставкасы менен транспорттук каражаттарды кайрадан каттоодон өткөрүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айып пулдарды алууда пайда боло турган бир катар талаштуу жагдайлардан жана түшүнбөстүктөрдөн алыс болууну каалаган жарандардын жана юридикалык жактардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары канааттандырылат.

Акция учурунда автоунааны кайрадан каттоонун баасы чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан 1360 сомду түзөт.

Аймакты өзгөртпөстөн, кайра каттоодо сатуучунун жана сатып алуучунун каалоосу менен номурдун үч же төрт орундуу болгонуна карабастан, автоунаанын мамлекеттик каттоо белгисин алмаштырбай коюуга болот.

Ошондой эле, ээсинин каалоосу менен унаа каттоодон чыгарылганда, мамлекеттик номурду бир ай бою «Унаа» мамлекеттик мекемесинде сактап, жаңы алынган автоунаага бекитсе болот. Жаңы номур сатып албасаңыз, автоунааны кайрадан каттоонун баасы 460 сомго чейин төмөндөйт.

Өкмөт бардык унаа ээлеринен улуттук кампаниянын артыкчылыктарын пайдаланып, жеңилдиктер менен колдонуп, автоунааларды өз атына каттоону сунуштайт. Унааны кайрадан каттоонун баасын төмөндөтүү — убактылуу акция жана ушул жылдын 31-декабрына чейин созулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>