Унаасынан граната табылган Шаменов: Коркутуулар болууда

Унаасынан граната табылган Шаменов: Коркутуулар болууда

Активист Илгиз Шаменов Ички иштер министрлигинин анын уунасында табылган гранатанын «чыныгы, бирок жараксыз болгон» деген билдирүүсү боюнча Reporter.kg’ге комментарий берди.

Анын айтымында, ал ИИМдин билдирүүсү менен макул эмес.

«Мен бардыгын айта албайм, себеби тергөөгө купуя сырды сактоо тууралуу тилкатка кол коюп бергем. Бирок ИИМдин билдирүүсү менен макул эмесмин. Өздөрү «боевой» граната, бирок жараксыз деп жатат. Же «боевой», же «боевой» эмес болот», — деди ал.

Анын экспертизанын жыйынтыгы боюнча күмөнү бар. Мындан улам ал кайра экспертиза жасалышын талап кылат.

Активисттин айтымында, кылмыш иши да туура эмес берене боюнча козголгон. Иш «Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу» эмес, «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» деген берене боюнча ачылыш керек болчу.

Шаменов өзүнүн коопсуздугу үчүн күзөтчүлөрдү бөлүп берүү үчүн Ленин райондук милициясына кайрылганы менен жооп болбой жатканын билдирди. Анын милицияга кайрылганына 10 күндөн ашкан.

Ал билдиргендей, унаасында граната табылгандан кийин да ага телефон аркылуу 1-2 жолу коркутуу болгон.

Шаменов иштин акыйкат тергелиши үчүн президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге дагы бир ирет кайрылды.

Эскерте кетсек, 27-августта Ленин райондук милициясы Илгиз Шаменовдун унаасында табылган жардыруучу зат боюнча маалымат берген. Анда табылган граната ичинде жардыруучу заттар бар чыныгы РГД-5 гранатасы, бирок жараксыз экени айтылган. Сыноо учурунда жарылган эмес.

11-августта болжол менен саат 14:00дө «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ишкер Илгиз Шаменовдун унаасына граната коюлганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу ал президентке кайрылуу жасаган.

Шаменов Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттердин бири.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>