Университеттин терезесин сындырып качкан жаран кармалды

Университеттин терезесин сындырып качкан жаран кармалды

Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин терезелерин сындырып качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Күзөт кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Бишкек шаарында  жайгашкан жогорку окуу жайлардын биринен борбордук байкоочу түйүнүнөн дүрбөлөң баскычы  аркылуу чакыруу келип түшкөн. Чакырылган дарекке бөлүмдүн №351-ыкчам кармоо тобу 4 мүнөттүн аралыгында жетип  барган учурда университеттин терезесинин айнектери талкаланып, сынган абалда болгон жана токтоп турган “Гольф 3” үлгүсүндөгү автоунаанын айнектерин сындырып качып кеткен.

«Шектүү студент эмес. Алгач жолдо турган унаанын терезесин сындырган. Андан соң, университетке киргенге аракет кылган», — деп билдирди басма сөз кызматынан.

Күзөт кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүүнү качып бараткан жеринен кармап, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин алгачкы териштирүү бөлүмүнө жеткирген.

Учурда тийиштүү чаралар көрүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>