Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Урматбек Самаевдин талапкерлиги комитет төрагалыгынын орун басарлыгына сунушталды
26.06.2019 | 10:22
Токмоктогу кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликке байланыштуу окуяда аты аталган Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урматбек Самаевдин талапкерлиги комитет төрагалыгынын орун басарлыгына сунушталды.
Аны фракциялашы Канат Исаев Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басарлыгына көрсөткөн.
Чуулгандуу окуяларда аты аталып, “Чемпион” деген каймана атты алып жүргөн Урматбек Самаевдин комитет төрагалыгынын орун басарлыгына сунушталышы коомчулук тарабынан сынга алынууда.
Рубрики: Жаңылыктар