“Урмизан” кенинде ири көлөмдө мыйзамсыз көмүр казылганы аныкталды

“Урмизан” кенинде ири көлөмдө мыйзамсыз көмүр казылганы аныкталды

Жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү иштеринин алкагында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан, Баткен районундагы “Урмизан” көмүр кенинде жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

2022-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү убагында геологиялык чалгындоо иштерине гана лицензиясы бар жеке менчик ишканалар тарабынан, Баткен облусунун Карабак айыл аймагындагы “Урмизан” көмүр кенинде өзгөчө ири көлөмдө мыйзамсыз көмүр казылып, коңшу мамлекеттердин бирине экспорттолгон.

Жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Урмизан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>