Бишкектеги массалык уулануу — жабыркагандардын саны 44 адамга жеттиДастан Бекешев: Токомбаев көчөсүндө май куюучу жайдын ордуна көп кабаттуу үй курулуп жататБорбордук Азия өлкөлөрү согушсуз эле эгемендүүлүгүн жоготуп алуу коркунучунда туратБишкекте массалык түрдө уулануу катталды — 37 адам жабыркап, бирөө реанимациядаПрезидент бир катар маданият ишмерлерине Токтогул сыйлыгын ыйгардыКазакстанда курьер болуп иштеген энелер жөлөкпулдан кол жуушу мүмкүн
Велосипедчен адамды сүзүп кеткен таксист кармалды
10.07.2023 | 11:02
Бишкекте велосипедчен адамды сүзүп, окуя жеринен кетип калган таксинин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ал бүгүн, 10-июлда Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, Жол кырсыгы боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Айдоочу – 44 жаштагы Р.С. аттуу жаран. Анын унаасы айып аянтчасына токтотулган.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга таксинин айдоочусу велосипедчен адамды сүзүп, кетип калганы тартылган видео тараган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз