Вице-мэр иш-таштайбыз деген коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукту

Вице-мэр иш-таштайбыз деген коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукту

Борбор калаанын вице-мэри Русланбек Акылбеков транспорттук компаниялардын жетекчилери, жүргүнчү ташуучу ассоциациялардын төрагалары жана жеке маршруттук таксилердин айдоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда коомдук транспорттордогу жол кирени жогорулатуу жана айдоочуларга салыктарды азайтуу маселелери талкууланды.

Ал эми айдоочулар баалардын тез арада көтөрүлүшүн талап кылышкан.

Мыйзамга ылайык, тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Токтомдун долбоорун депутаттардын кароосуна жиберүүдөн мурун документ мыйзамдарга ылайык, белгиленген ченемдик укуктук актылардын бардык баскычтарын өтүшү керек экени айтылат.

«26-апрель күнү иштелип чыккан документ коомдук талкуулоо үчүн Бишкек шаардык администрациясынын сайтында жарыяланат. Талкуулар беш күнгө созулат. Талкуудан кийин документ Экономика жана финансы министрлигине жөнөтүлөт«, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>