Видео: Бишкекте дүкөндү карактаган шектүү кармалды

Видео: Бишкекте дүкөндү карактаган шектүү кармалды

Бишкекте дүкөнгө кирип, каракчылык кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-августта милицияга шаар тургуну (аял киши) кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ошол күнү болжол менен саат 05:50дө Көк-Жар конушундагы дүкөндөрдүн бирине белгисиз адам келип, бычак менен коркутуп, 20 миң сом акчаны алып кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 35 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(500) 15 11 11, 0(507) 12 54 45 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>