Бишкекте унаа менен качкан аялын көчөдө сабаган кишинин видеосу

Бишкекте унаа менен качкан аялын көчөдө сабаган кишинин видеосу

Бишкекте эркек киши көчөдө аялды ур-тепкиге алды. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеодон аял киши айдап бара жаткан «Хонда Фит» унаасынын үстүндө эркек киши жатканын көрүүгө болот. Унаа катуу ылдамдыкта бара жаткандыктан, айдоочу аял рулга ээ боло албай, арыкка түшүп кеткен.

Андан кийин унаадан аял киши «куткаргылачы» деген кыйкырып чыкан. Аялдын артынан эркек киши кубалап, аны ура баштаганда, окуянын күбөлөрү аларды арачалаган.

Бул окуядан кийин соцтармактарга унаанын үстүнө чыгып алган кишинин видеосу чыкты.

Reporter.kg’ге Биринчи май райондук милициясынан билдиришкендей, аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башалган. Учурда окуяга катышкан адамдарды табуу боюнча ыкчам-издөө иштери уланууда.

Окуя Бишкектин Профсоюзная көчөсүндө болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>