Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Видео: Мектептин жанында дрифт кылган айдоочу айыпка жыгылды
18.03.2023 | 12:20
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында айдоочуга автоээнбаштык жасагандыгы үчүн 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-март күнү социалдык тармактарда «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиянын жанында автоээнбаштык (дрифт) кылып, кетип калганы тууралуу видео тараган.
17-март күнү милиция кызматкерлери автоээнбаштык кылган айдоочунун өздүгүн аныктаган. Ал Каракол шаарынын 22 жаштагы Ш.С. тургуну болуп чыккан.
Айдоочуга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесине (Автоээнбаштык) ылайык, 15 миң сом айып пул салынды. Анын унаасы айып аянтчасына токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз