Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Бишкекте тез жардам унаасы менен Subaru кагылышты, жабыркаган адам бар
18.08.2026 | 10:33

Бишкектеги Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жеке тез жардам кызматынын унаасы менен Subaru Outback кагылышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, тез жардам унаасы Ахунбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй, ал эми Subaru Outback түндүктөн түштүккө карай бара жаткан. Тез жардам унаасынын айдоочусунун айтымында, Subaru светофордун тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен тез жардам унаасы медициналык мекемеге алып бара жаткан бейтап жабыркады. Аны башка тез жардам бригадасы ооруканага жеткирди.
Каза болгондор жок. Учурда кырсыктын бардык жагдайлары жана себептери такталууда.