Курумдудагы издөө иштери: 4,5 миң метр бийиктиктен альпинисттик шаймандар табылды

Ош облусундагы Курумду (Корумду) чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө учурунда рюкзак жана башка шаймандар табылды. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов өзүнүн баракчасында билдирди.
Анын айтымында, 13-августта издөө иштери тик учактын жана дрондун жардамы менен жүргүзүлгөн.
Түшкө чейин аба ырайы учууга мүмкүнчүлүк берген, кийинчерээк булут каптап, ал эми кечинде жамгыр жаай баштаган.
Күн ичинде тик учак эки жолу учуп чыкты, ошондой эле дрон да бир нече жолу колдонулду. Издөө тобу 6 миң метр бийиктикке чейинки тоо беттерин карап чыкты, бирок чоң бийиктикте катуу соккон шамал тасмага тартууга тоскоолдук жаратты.
Кырдын батыш тарабында, болжол менен 4,5 миң метр бийиктикте издөөчүлөр рюкзакты жана кызгылт сары түстөгү буюмду (уктоочу кап же күрмө болушу мүмкүн) байкашкан. Анын жанында ушул эле рюкзактын ичинде болгон делген айрым буюмдар да табылган.
«Бул топтогу бир адамдын шаймандары окшойт. Айланадан жана кырдан балдардын өздөрү да, алардын издери да көрүнгөн жок», — деп билдирди Смирнов.
Издөө тобу буюмдардын бул жерге кандай жагдайда келип калганы боюнча азырынча жыйынтык чыгара элек.
Шаймандар ылдый түшүп келе жатканда жоголгон болушу мүмкүн деп божомолдонууда. Смирновдун айтымында, рюкзак жогору жактагы 5,1–5,3 миң метр бийиктикте жайгашкан татаал тилкеден кулап түшүшү ыктымал. Ал жерде аска-таштар жана агып тоңгон муздар бар, ал эми төмөн жагында көчкү түшкөн жерлер жана чоң жаракалар жайгашкан. Куткаруучулар үчүн кооптуу болгондуктан, бул аймак абадан изилденүүдө.
Кечинде жамгыр жааганына байланыштуу издөө иштерин токтотууга туура келген.
Тик учактан жана дрондон тартылган материалдарды альпинисттер, ыктыярчылар жана дайынсыз жоголгондордун жакындары изилдеп жатышат. Жазууларды анализдөө үчүн компьютердик көрүү (компьютерное зрение) технологиясы да колдонулууда, ал тоо боорлорундагы өзгөчө объекттерди аныктоого жардам берет.
Аба ырайы жакшы болсо, 14-августта издөө тобу кырдан баштап буюмдар табылган жерге чейинки тилкени жогорку сапатта (чечилиште) тасмага тартууну пландап жатат. Бул шаймандардын кулоо траекториясын аныктап, мындан аркы издөө багытын белгилөө үчүн зарыл.
Эскерте кетсек, Курумду чокусунда үч альпинисттен турган топ — Беларустун эки жараны жана Литванын бир жараны дайынсыз жоголгон. Алар чокуга чыккандан кийин байланышка чыкпай калышкан.
Анара Мамытова