Кыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керек
Видео: Нуртаева Россиядагы мелдеште атаандашын 37 секундда жеңип, коло утту
29.01.2024 | 09:40
Балбан кыз Нурзат Нуртаева Россиядагы “Иван Ярыгин-2024” кубогу мелдешинде коло байге тагынды.
Нуртаева 72 кг салмакта күч сынашты. Үчүнчү орун үчүн беттеште ал монголиялык балбан кыз менен кез келип, атаандашын 37 секундда жеңип алды. Беттеш 10:0 эсебинде жыйынтыкталды.
Россиянын Красноярск шаарында өткөн бул мелдеш 25-28-январь күндөрү болуп өттү. Буга чейин аталган турнирде 59 кг салмакта Калмира Билимбек кызы жана 62 кг салмакта Жаркынай Нурлан кызы коло байге тагынган.