Тинтүү учурун үзгүлтүксүз видеого тартуу сунушталууда

Тинтүү учурун үзгүлтүксүз видеого тартуу сунушталууда

Кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүргүзүү учуру башынан аягына чейин толук видеого тартылышы керек. Мындай өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков Кылмыш-жаза кодексининин 212 беренесине сунуштап жатат.

Эл өкүлү демилгеси жарандардын укугун коргоого багытталганын белгилейт. Анын айтымында, учурда үзгүлтүксүз видеого тартууга толук мүмкүнчүлүктөр бар.

“Аны менен жаранды мыйзамсыз жана негизсиз айыптоодон, мисалга,  мыйзам менен колдонууга тыюу салынган заттарды бейкүнөө адамдын кийимине алдын ала салып коюудан,  укук коргоо органдарынын айрым кара ниет кызматкерлеринин мындай абалдан кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алдын алууга шарт түзөт”, — дейт Бактыбек Сыдыков.

Тартылган видео прокуратура жана сот органдарына дагы ынанымдуу далил боло алат.

Кылмыш-жаза кодексинин азыркы редакциясында тинтүү сүрөт жана видео колдонуу менен жүргүзөлөрү белгиленет. Депутаттын айтымында, бул берене укук коргоо органдарына каалаган учурларды гана тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>