Видео: Ташиев өзүнүн жана Жапаровдун мыйзам бузуп, кармалган жакындары тууралуу айтты

Видео: Ташиев өзүнүн жана Жапаровдун мыйзам бузуп, кармалган жакындары тууралуу айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн жана Садыр Жапаровдун жакындарынын арасынан кимдер кармалганы тууралуу айтып берди.

Ал башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайнисинин кармалышы боюнча айтып жатып, чоң кызматта отурган адамдардын жакындары кармалган учурлар болуп жатканын, бирок ал көп учурда ачыкталбай турганын билдирди.

«Мындай нерселер көп убакта болуп жүрөт. Бирок биз муну ачыкка чыгарып айтпайбыз. Ачык айтайын, көптөгөн чоң кызматта иштегендердин жакындары мыйзам бузуп кармалып калат. Мыйзам чегинде жооп берип жатышат. Президент Садыр Нуркожоевичтин (Жапаров – ред.) бир тууган кудасы кармалды. Ал да отуруп чыкты. Садыр Нуркожоевичтин бир тууган агасынын Чек ара кызматынын «Достук» постунда начальник болуп иштеген бир тууган бажасы кармалган. Мына мыйзам чегинде өзүнүн жаза мөөнөтүн алды», — деди ал.

Андан кийин ал өзүнүн жакындары да кармалып жатканын айтты.

«Мына менин дагы жакындарым… Өкүл балам жана башкалар кармалып жатат. Башкача айтканда, мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген адамдардын жакындары мыйзам бузган болсо, аларды аео болбойт. Алар дагы жөнөкөй адамдай жазага тартылат», — деди ал.

Эскерте кетсек, 18-мартта, УКМК, Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталганын, ал боюнча Бажы кызматынын алты жооптуу адамын жана жеке компаниянын үч өкүлүн кармаганы тууралуу маалымат тараткан. Алардын ичинде жогорку кызматта иштеген адамдардын туугандары бар экени кабарланган.

Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси бар экенин билдирген.

Ташиев: Башкы прокурор Зулушевдин кайниси кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>