Видео: Сузактагы мал базарда мушташ чыкты. Алты адам издөөдө

Видео: Сузактагы мал базарда мушташ чыкты. Алты адам издөөдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мал базарда болгон бейбаштыкка шектелген 6 жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 3-февраль күнү болжол менен саат 16:00да Мундуз айылындагы мал базарда эки бир тууганын жана өзүн, сырттан тааныш болгон Абдулла, Абдыкалык, Абдумалик, Иса жана аттары белгисиз болгон 3 адам менен көптөп сабашып, көзүнө таш менен урган.

Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылышкан.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча 4-февралда Таш-Булак айыл аймагынын 29 жаштагы Т.А. аттуу тургуну кармалып, бир айга камакка алынган.

Мындан сырткары, милиция тарабынан бул окуяга катышкан 6 жарандын өздүктөрү такталган. Бирок алар жүргөн жерин жашырып, кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу милиция кылмыш ишине шектүүлөрдү табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Кылмышка шектүүлөрдүн баары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Чолок-Терек айылынын тургундары.

Алар:

Сариков Абдыкалык Абдулхакимович – 1984-жылы туулган.

Сариков Ысабек Сатимкулович – 1985-жылы туулган.

Сариков Батирбек Сатимкулович – 1989-жылы туулган.

Ахматов Аскарбек Ахматович – 1990-жылы туулган.

Сатимкул уулу Абдималик – 1994-жылы туулган.

Алмаз уулу Марат – 1995-жылы туулган.

Аларга 8-февралда издөө жарыяланган.

Шектүүлөрдүн жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандар 102, (03748) 5 02 09 же (0558) 16 16 91 номерлерине кайрылса болот.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>