Жасалма иш токуп, жарандардан акча опузалап жүргөн милиционерлер кармалды (видео)

Жасалма иш токуп, жарандардан акча опузалап жүргөн милиционерлер кармалды (видео)

Ош облусунун Өзгөн райондук милициясынын жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган бөлүмдүн айрым кызматкерлери жарандардан «опузалап акча алуу» боюнча схема уюштурушкан. Алар жөнөкөй жарандарды, негизинен жаш кыздарды коркутуп-үркүтүү жана шантаж жолу менен өзүнүн кылмыштуу иштерине тарткан. Алардан кайсы бир жарандын үстүнөн зордуктоо же баңгизатты колдонууга азгыруу сыяктуу фактылар боюнча жасалма арыз жаздырып алып, арызда аты аталган жарандарды «кылмыш жообуна тартабыз» деп коркутуп, опузалап акча алып турушкан. Бирок жасалма жол менен алынган арыздар эч кандай процессуалдык каттоодон өткөрүлгөн эмес.

УКМКдан белгилешкендей, Өзгөн райондук милициясынын улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты А.Н.Б. жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери — милициянын майору Ж.Т.К. жана милициянын капитаны М.С.Ж. 30-апрелде жасалма ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, үч жаранды кармап, сурак өткөргөн. Маселени оң жакка чечип берүү үчүн алардан 250 миң сом алышкан.

Кийинчерээк кылмышты жашыруу үчүн аталган үч жаранды кармоо жана жасалма ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөң учурду тартып калган видеобайкоо камеранын маалыматтарды сактаган дискин мыйзамсыз алып кетишкен.

12-майда Өзгөн райондук жана Куршаб айылдык милиция бөлүмүнүн имаратында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлиринин кылмыштуу аракеттерин тастыктаган маалыматтар алынган.

Учурда кармалгандар камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>