Виталий Люкс эми улуттук курамга чакырылбайбы?

Виталий Люкс эми улуттук курамга чакырылбайбы?

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамына чабуулчу Виталий Люкс чакырылбай калышы мүмкүн. Бул тууралуу спорт журналистти Адилет Темирланов айтып чыкты.

Ага ылайык, Виталий Люкс соңку 1,5 жылдан бери профессионалдык деңгээлде бир дагы клубда ойной элек, муну менен катар  ал футболдук карьерасын жыйынтыктап жатат.

Виталий Люкс 1,5 жылдан бери деңгээли боюнча профессионалдык болуп эсептелинбеген, футбол сүйүүчүлөрүнүн жергиликтүү командасында ойноп жүргөн.

“Виталий Люкс эми фитнес залда машыктыруучу болуп иштемекчи. Ал 1,5 жылдан бери футбол сүйүүчүлөрдүн деңгээлиндеги жергиликтүү командада жумасына эки жолу, өзү үчүн ойноп жүрөт, демек Александр Крестинин Люксту командага чакырбай калышы түшүнүктүү жана туура болот”, — дейт Темирланов.

Виталий Люкстун улуттук курамда жылдызы 2019-жылдагы футбол боюнча Азия кубогунда  жанган. Бул мелдештен кийин Виталий Люкс жана бир нече футболчуну ошол убактагы президент Сооронбай Жээнбеков «Даңк» медалы менен сыйлаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>