Трамп: Украинага жаңы лидер шайлоого убакыт келди — АКШ президенти дагы эмнелерди айттыКазакстанда кыргызстандык аялдан 35,1 млн сомдук алтын алынды — чоо-жайы11-октябрь: Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +28° чейин жылуу болотЧүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМ
Волейбол: Кыргызстандын курама командасы Шри-Ланканы жеңип алды
22.12.2022 | 23:09
Кыргызстандын волейбол боюнча жаштар курама командасы Борбордук зонанын командалары арасындагы Азия чемпионатын жеңиш менен баштады.
23 жаштан ашпаган оюнчулардан түзүлгөн командалардын катышуусундагы турнир Дакка шаарында (Бангладеш) 22-декабрда төрт команданын катышуусунда старт алды.
Тайпалык баскычта командалар “ар бири менен” бирден ойношот. Андан соң жарым финалдык жуптар аныкталат.
Тайпалык баскычтын 1-турунун алкагындагы беттеште Кыргызстандын курама командасы Шри-Ланка менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
23-декабрда 2-тур оюнунда кыргызстандыктар Бангладеш менен беттешет.
1-турдун жыйынтыгы, 22-декабрь
Бангладеш – Непал – 3:0 (26-24, 25-22, 25-21)
Кыргызстан – Шри-Ланка – 3:1 (25-21, 25-22, 22-25, 25-18)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт