Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
WhatsApp мессенджери көптөгөн эски смартфондордо иштебей калат
29.10.2021 | 11:45
Facebookтун популярдуу WhatsApp мессенджери 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап дүйнө жүзү боюнча эски телефондордо иштебей калат. Жалпысынан бул Android операциялык тутумдары 4.1 версиясынан жана iOS 10 версиясынан төмөн 43 смартфон моделине таасирин тийгизет.
Тактап айтканда, мессенджер 2011-жылдагы iPhone 4S, Samsung Galaxy Trend Lite, Sony Xperia Miro, Huawei Ascend G740, Alcatel One Touch Evo 7 жана башка көптөгөн смартфондордо иштөөсүн токтотот.
Белгиленгендей, өзгөртүүлөр тиркеме дароо иштебей калат дегенди билдирбейт, бирок жаңыланууларды жүктөө мүмкүн болбой калат. Бул бузулууларга алып келиши мүмкүн.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар