Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
ДКОго даярдык. Кырчын жайлоосуна алып баруучу жолду реконструкциялоо аяктады
20.07.2026 | 10:44

Ысык-Көл облусунда Кырчын жайлоосуна алып баруучу 35,5 чакырымдык жолду реконструкциялоо аяктады. Жолдун бардык бөлүгүнө жаңы асфальт төшөлдү.
Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, иштер мамлекет башчысынын тапшырмасы менен бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын эсебинен аткарылды. Долбоор VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында ишке ашырылды.
Мындан тышкары, жолдун жээктери бекемделип, жол белгилери жана тосмолор орнотулууда. Ошондой эле унаалар үчүн токтотуучу жайлар курулуп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: ДКО