WWF: Глобалдык экосистемаларды калыбына келтирели

WWF: Глобалдык экосистемаларды калыбына келтирели

7-декабрда, COP27 климаттык саммитинен бир ай өткөндөн кийин, COP15 Канадада башталды, анда 196 өлкөнүн өкүлдөрү планетадагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселесин талкуулашат.

Бүгүнкү күндө бул маселелер өзгөчө курч. Дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун акыркы отчетуна ылайык, жапайы жаныбарлардын популяциясы 1970-жылдан бери орто эсеп менен 69% кыскарган. Уюм мындай жогорку көрсөткүч адамдын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы экенин белгилейт.

Түрлөрдүн жапырт жок болушуна жол бербөө үчүн — дүйнөлүк тарыхта алтынчы — деңизди да, жерди да коргоо керек деп баса белгилейт фонд.

«Жаратылыштагы жашоо чөйрөсүн сактап калуу өтө маанилүү. Максат — 2030-жылга чейин жердин 30%ын жана ошончолук тузсуз көлдөрдү жана океандарды сактап калуу, глобалдык экосистемаларды калыбына келтирүү. Ушул учурга чейин болгону сегиз жыл калды. Бул Биздин негизги максатыбыз”, — дейт WWFтун жаратылышты коргоо боюнча директору Ян Хакинг.

Дүйнөдөгү кургактыктын жана океандардын 30% сактап калууну пландаган стратегия өткөн жылы иштелип чыккан  «30га 30» деген ат менен белгилүү. Аны илимпоздор гана эмес, карапайым эл дагы кармашы керек дейт Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду.

COP15 конференциясы эки жумага созулуп, 19-декабрда аяктайт.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>