Xiaomi эң жогорку сапаттагы заманбап рацияны чыгарды

Xiaomi эң жогорку сапаттагы заманбап рацияны чыгарды

Xiaomi үчүнчү муундагы «Xiaomi Walkie-Talkie 3»- деп аталган рацияны чыгарды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга караганда,  ал Кытайда 62 долларга сатылып, бир нече жакшыртылган функцияларды камтыган. 4G  интернетин тартып, анын аркасында байланышты камсыз кылат.  Кытайдын үч негизги операторуна жайылтылат. Бул функция  5000 чакырым алыстыкка чейин байланышууга мүмкүндүк берет.

Рация 40 мм чоң динамиктен жана үндү иштетүүчү профессионалдуу чиптен турган жогорку натыйжалуу аудиосистема менен жабдылган, ал мурунку моделдерге салыштырмалуу үндү 30%га көбөйтүүнү камсыз кылат. Ошондой эле ар кандай шумдарды, ызы-чууну 10,9%  азайтуу алгоритми бар. Xiaomi Walkie-Talkie 3 күтүү режиминде 100 саатка чейин иштей турган,  60 саатка чейин колдонула турган 3000 мАч батарейкага ээ. Аппарат USB-C аркылуу кубатталат. Рация 2 дюймдук түстүү экран менен жабдылган, IP54 коргоо даражасына жооп берет. 3,5 мм туташтыргычы жана Bluetooth гарнитураларына туташуу мүмкүнчүлүгү бар.

Рацияда ар кандай функциялар бар жана ошол эле учурда келечекте көбүрөөк функцияларды кошо турган зымсыз байланыштарды камсыз кылууну көздөөдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>