Январда Нарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат

Январда Нарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат

Январь айында Нарын шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

20-декабрда чоң долбоордун бет ачары болду. «Рандом» жабык акционердик коомунун башкы директору Мирбек Раимов менен Эмгекчил айылынын башчысы Алтынбек Бектуровдун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана шаардын четиндеги Эмгекчил айылындагы санитардык полигонго курулат. Объекттин курулушун 2022-жылдын январында баштоо пландалып, завод май-июнь айларында ишке берилет. Долбоордун сметалык баасы 10 миллион долларды түзөт.

Долбоордун алкагында көп жылдардан бери топтолгон катуу тиричилик таштандыларын чыгаруучу установка курулат. Ишкананын кубаттуулугу суткасына 20 тоннага чейин таштандыны күйгүзүүгө мүмкүндүк берет. Таштандылар түгөнүп калгандан кийин өнүккөн өлкөлөрдөй эле жергиликтүү элден сатып алуу пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>