Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январь айында 10 миллиард 326,2 миллион сомдук салыктарды жана мамлекеттик бюджетке төлөмдөрдү чогултуп, белгиленген планды 620,1 миллион сомго ашыра аткарды. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу салыктар 3 миллиард 770,2 миллион сомго көп чогултулган.