Япония Кыргызстанга 1 млн доллар грант берет. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 28-октябрда Япониянын өкмөтү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам гуманитардык кырдаал начарлаганына байланыштуу Кыргызстанга 1 млн доллар грант берүү чечимин кабыл алган.
«Япониянын өкмөтү, бул жардам көп жылдык достук мамилелер байланыштырган Кыргызстандын эли туш болгон кыйынчылыктарды жеңип чыгууга жардам берет деп үмүттөнөт», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз