Токмокто акчасын уурдаткан карыя рак менен ооруган балага жардам берет

Токмокто акчасын уурдаткан карыя рак менен ооруган балага жардам берет

Токмоктогу мал базарда 120 миң сомун уурдаткан 79 жаштагы карыя, ага кайтарылган акчасынын бир бөлүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматовдун уулунун дарылануусу үчүн берет. Бул тууралуу Кайрат Маматов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Маматовдун айтымында, карыя анын уулуна жардам берүүнү чечкенин Токмок шаарынын милициясынын подполковниги кабарлаган.

Кайрат Маматовдун уулу рактын нейробластома түрүнө чалдыгып, учурда Түркияда дарыланууда.

Эскерте кетсек, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан 79 жаштагы карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга 115,5 миң сом топтоп берген. 25-октябрда, милиция карыянын 120 миң сомун уурдоого шектелип 39 жаштагы адам кармалганын жана акчаны кайтарып бергенин билдирген.

Кайрат Маматовдун уулунун дарылануусуна акчалай түрдө жардам берүүнү каалаган жарандар анын «Фейсбуктагы» баракчасынан керектүү маалыматтарды ала алышат.

Мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдаган адам акчаны кайтарды

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>