Япония “Сейтек” борборуна акча берди

Япония “Сейтек” борборуна акча берди

Япония Элчилигинин колдоосу менен “Сейтек” борборуна 66 577 долларлык үн жана жарык берүү жабдуулары сатылып алынат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган долбоордун алкагында “Сейтек” борборунун концерттик залы үчүн жалпы суммасы 66 577 АКШ долларын түзгөн үн жана жарык берүү жабдуулары сатылып алынат. “Сейтек” борборунун концерттик залына үн жана жарык берүү жабдууларын орнотуу маданий иш-чаралардын, окуу иш-чараларынын, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын сапатын арттырууга өбөлгө түзөт.

Иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова жана министрликтин башка жооптуу кызматкерлери катышышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>