Депутаттар Акрамов боюнча: Баатырды каалагандай мазактоого жол берилбеши керек

Депутаттар Акрамов боюнча: Баатырды каалагандай мазактоого жол берилбеши керек

Бүгүн, 17-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Эрнст Акрамовдун медицина тармагына кошкон зор салымына токтолуп, ага жасалып жаткан мамиле тууралуу кеп козгоду.

“Акрамовдун тегерегинде болуп жаткан окуялар мени түйшөлтүүдө. 85 жылдык өмүрүнүн көпчүлүгүн саламаттыкты сактоо тармагына жумшаган, улуу инсанга мындай мамиле жасоо туура эмес”, – деди Сыдыков.

Ушундай эле пикирге токтолгон эл өкүлү Камила Талиева баатырды каалагандай мазактоого жол берилбеши керектигин белгиледи.

“Белгилүү кардиохирург Калдарбек Абдрамановду да кызматтан алды деп жатышат. Министрдин этикага туура келбеген, ойлонулбаган кадамдары эл арасында сынга алынууда. Андыктан, аны тартипке чакыргыла”, – деп кайрылды Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>