Атазовдун шайлоо штабынын башчысы добуш сатып алууга шектелүүдө

Атазовдун шайлоо штабынын башчысы добуш сатып алууга шектелүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун шайлоо штабынын башчысы Кеңешбек Жумабаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармаганы ырасталды.

Биринчи май райондук сотунун Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 1-ноябрь күнү анын бөгөт чарасы каралган.

Сот Кеңешбек Жумабаевди 24-ноябрга чейин Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагында камоодо болот.  Ал Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-пункту боюнча шайлоодо добуш сатып алууга шектелүүдө.

Бүгүн Шайлообек Атазов Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу анын  тарапташтарына кысым көрсөтүлүп, кыйноого алынып жатканын билдирди. Алардын айрымдары боюнча депутат кабары жок болуп жатканын айтты.

Белгилей кетсек,Кеңешбек Жумабаев 2013-жылы Ысык-Көл облусунун мурдакы жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин ишине байланыштуу кармалган. Анда анын IV чакырылыштын депутаты Садыр Жапаровдун жардамчысы экендиги айтылган. 2022-жылы ал Шайлообек Атазовдун шайлоо штабын жетектеген.

Атазов анын тарапташтары кармалып, кыйнооого кабылганын билдирди


Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>