«Жакындарыбыз бийликке аралашкан жок». Жапаров төңкөрүшкө негиз жоктугун айтты

«Жакындарыбыз бийликке аралашкан жок». Жапаров төңкөрүшкө негиз жоктугун айтты

«Бүгүнкү күндө бийликти күч менен алмаштырууга эч негиз жок», — дейт президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

Өлкө жетекчисинин пикиринде, бийлик ууру жана криминал менен кошулуп кеткенде ишенимди жоготот.

«Клан-клан, жердеш-жердешчилик болуп, мамлекетти жакындарына башкартып, экономикабызды уурдап, сазга батырып, шайлоолорду адилетсиз өткөрүп, элди ирээнжитип, чыдамын түгөтүшчү. Мына ошол үчүн революциялар болуп турган. Биз андайга жол бербейбиз. Шайлоолорду адилеттүү, так, таза өткөрүп турууга эркибиз жетет. Башкаруу системасына болсо жакындарыбызды аралыштырган жокпуз.  Экономикабыздын кандай өсүп жатканын өз көзүңүздөр менен көрүп атасыздар. Дагы эмне керек?», — дейт ал.

Садыр Жапаров өлкөдө башаламандык уюштуруп, төңкөрүш жасоого камынгандар катуу жазаланарын эскертти.

«Биз мурдакылардай аларды “эркелетип” олтурбайбыз. Биз үчүн мамлекеттин жана карапайым элдин коопсуздугу биринчи орунда турат», — дейт ал.

Анын айтымында, эки революцияны сырткы күчтөр каржылаган.

«Үчүнчү революция эч ким күтпөгөн жерден болуп кетти. Биз сырткы күчтөрдөн акча алган жокпуз. Эл өзү колдоп берди. Ошол үчүн бүгүн биз эч кимге көз карандысыз болгон көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатабыз», — дейт ал.

Садыр Жапаров «Кемпир-Абад» иши боюнча айыпталып жаткандар дагы сырттан акча алганын айтты. «Канча акча алганын өздөрү жакшы эле билишет. Жөн эле билбемиш болуп атышат», — деп кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>