КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Үч айдан бери дайынсыз. Милиция 18 жаштагы Арсен Казаковду табууга жардам сурайт
03.12.2021 | 17:31
2003-жылы туулган Арсен Казаков үстүбүздөгү жылдын 28-августунан бери дайынсыз. Ал ата-энеси менен уруша кетип, Токмак шаарындагы Жантаев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн көчөгө чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилери: бою 180 см, дене түзүлүшү чоң, чачы узун күрөң, арттары чогулган, көздөрү күрөң, каштары коюу кара.
Кийген кийимдери: ак футболка, күрөң шым, кроссовка.
Милиция дайынсыз жоголгон адам тууралуу маалыматы барларды 0312 43 01 27, 0312 43 88 85, 0312 60 73 63 (Чүй ОИИБнын нөөмөт бөлүмү), 03138 6 31 02 (нөөмөт бөлүмү), 0501 90 00 65, 0551 10 27 53 (Токмак РИИБнин кызматкерлери) телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом