Баңгизат ташыгандар кармалып, 3 млн долларлык баңгизат алынды

Баңгизат ташыгандар кармалып, 3 млн долларлык баңгизат алынды

Кыргызстан аркылуу Афганистандан Россияга баңгизат ташуу каналын уюштурган улуттар аралык баңгилик топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, быйыл 23-июль күнү Бишкектин Фучик көчөсүндө метамфетамин психотроптук затын (кристалл) сатууга аракет кылган Кыргызстандын 63 жаштагы Т.А. аттуу жараны кармалган. Анын жанынан эки баштык табылган. Анын ичинде дагы 3 желим баштыгы бар болуп, ичинен ак түстөгү, кристалл сымал, өзгөчө жытка ээ эмес зат табылып алынган. Аталган заттын таңгакталган салмагы 3 кг 25 граммды түзгөн.

«Андан аркы ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда баңгилик топтун активдүү мүчөлөрүнүн бири Афганистандын 52 жаштагы R.M. аттуу жараны кармалган. Ыкчам маалыматтарга ылайык, ал баңгилик топтун башка мүчөлөрү менен бирге Ирандан өндүрүлгөн ZARLI кир жуучу порошогу жана Пакистанда өндүрүлгөн MANGO табигый ширеси катары өзгөчө ири өлчөмдөгү метамфетамин психотроптук затын аткезчилик жол менен Афганистандан Кыргызстандын аймагына ташып киргизген. Андан соң аталган товарларды Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан кампа жайына киргизишкен», — деп билдирет министрлик.

Аталган дарекке тинтүү жүргүзүү учурунда ZARLI кир жуучу порошогунун кабы табылып алынган. Бул заттын таңгакталган түрдөгү салмагы 7 кг 530 граммды түзгөн.

«Андан соң, R.M. ижарага алган Лебединовка айылындагы үйгө тинтүү жүргүзүү учурунда, ар бири 2 литр болгон MANGO табигый ширесинин 64 бөтөлкөсү салынган 11 коробка табылып алынган. Анын ичинде көрүнүшү боюнча мангонун ширесине окшош, бирок саргылт-ак түстөгү өзгөчө жытка ээ зат болгон. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат метамфетамин синтетикалык баңгизаты болуп, анын жалпы салмагы 56 кг ашкан. Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагындагы синтетикалык баңгизаттарды сатуудан түшкөн болжолдуу киреше 3 млн 36,1 миң долларды түзмөк. Кармалгандар Бишкек шаарынын №1-тергөө абагына камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>