Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө президент батир жана унаа белек кылды

Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө президент батир жана унаа белек кылды

Бүгүн, 18-июлда Балыкчы шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө президенттин атынан батирдин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, батирдин ачкычын министр Кудайберген Базарбаев тапшырды. Ошондой эле бул үй-бүлөгө жеңил унаа жана 150 миң сом белек кылынды.

Канат Абдылдаев менен Айбарчын Бегалиева үч эмдин ата-энеси. Алардын өздөрүнүн турак жайы жана жумушу жок болгондуктан Тоң райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турушат.

«Президент социалдык камсыздоо тармагына өзгөчө көңүл бурат. Өткөн жылдын октябрынан тартып жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган калктын ар кандай категориялары үчүн жөлөкпулдун өлчөмү үч жолу көтөрүлдү. Социалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Мамлекет муктаж болгон жарандардын көйгөйлөрүн мындан ары да кылдат жана сапаттуу чечүүгө ниеттенүүдө», — деди министр.

Белекке берилген батир Балыкчы шаарынын борборунда жайгашып, борбордук коммуникацияга туташтырылган. Батир оңдолуп, тиричилик техникалары жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдар менен камсыздалган.

Буга чейин 28-июнда Тоң районунун 1986-жылы туулган тургуну Айбарчын Бегалиева 3 эмди жарык дүйнөгө алып келгени маалымдалган. Аларга Саламат, Салават жана Сауле деген ысымдар ыйгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: үч эм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>