Ч. Айтматов проспектисиндеги үйдүн жогорку кабаттарындагы терезелердин торлору эскертүүсүз алынды — бийликтин жообу

Чыңгыз Айтматов проспектиси, 21 дарегинде жашаган Бишкек шаарынын тургундары Reporter.kg редакциясына жумушчулар үйдүн бешинчи кабатындагы терезе торлорун алып жаткан видеону жөнөтүштү.
Тургундардын биринин айтымында, торлор буга чейин коопсуздук максатында орнотулган, бирок батир ээлерине аларды «буйруктун негизинде» алып жатканын билдиришкен.
Жогорку кабатта жашаган дагы бир тургун Reporter.kg сайтына буга чейин анын балконун бузуп салышканын, ал эми бир нече күн мурун эч кандай эскертүүсүз терезенин торлорун да алып кетишкенин айтып берди.
«Менин кичинекей балам бар, ал уктап жаткан. Терезе ачык болчу, анан подрядчылар эч кандай эскертүүсүз эле торду алуу иштерин башташты. Балам ойгонуп кетип, абдан катуу коркуп калды, бөлмөнүн ичи болсо темир кескендеги жаман жытка толуп кетти. Ушинтип да болобу? Анысы аз келгенсип, алынган торлорду да алып кетишти. Каякка? Белгисиз. Кайсы негизде? Бул биздин мүлкүбүз да. МАБдын (Муниципалдык аймактык башкармалык) башчысы эмне кыларын билбей, мэриянын подрядчыларын шылтоо кылууда», — деп нааразы болду тургун.
Анын айтымында, буга чейин аларга Кубатбек аттуу адам келип, өзүн мэриянын подрядчысымын деп тааныштырып, терезенин ачыла турган гана бөлүгүнө тор орнотууну сунуштаган.
Reporter.kg сайтынын кабарчысы менен болгон маекте Кубатбек мэриянын подрядчысы эмес экенин, ширетүүчү (сварщик) болуп иштей турганын жана өз кызматы боюнча кулактандырууларды Lalafo интернет-платформасына жайгаштырарын түшүндүрдү.
«Мага бир бала чалып, ушул даректеги терезенин ачыла турган бөлүгүнө тор орнотуп берүүмдү сунуштап, жумуштун акчасын мэрия төлөп берерин айткан. Бирок үйдүн тургундары тор терезенин бир эле бөлүгүнө орнотуларына нааразы боло башташты, ошондуктан мен бул объектиде иштөөдөн баш тарттым», — деди Lalafo'догу ширетүүчү.
Ошол эле учурда ал кабарчыга өзү менен байланышкан адамдын байланыш номерлерин берүүдөн баш тартты.
Өз кезегинде Ленин районунун акиминин орун басары Нурсултан Бейшенбек редакцияга торлорду алуу иштери батир ээлеринин катышуусунда гана жүргүзүлүп жатканын түшүндүрдү. Анын айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу жана батир уурдоолорунун алдын алуу максатында биринчи кабаттардын терезелериндеги торлор алынбайт.
Ал эми жогорку кабаттардын тургундарынын коопсуздугу боюнча Нурсултан Бейшенбек «уурулар чатырдан батирге кириши үчүн чердакка кирүү мүмкүнчүлүгү болушу керек» деп билдирди.
Ошондой эле ал жогорку кабаттардагы торлор борбор калаанын тышкы көрүнүшүн жакшыртууга жана заманбап архитектуралык стилди калыптандырууга багытталган фасаддарды бирдиктүү дизайн-кодго келтирүүнүн алкагында алынып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, анын айтымында, мындай торлорду орнотуу мурда тиешелүү органдар менен макулдашылган эмес.
Ленин районунун акиминин орун басары жогорку кабаттардагы батирлерде жашаган балдардын коопсуздугу тууралуу берилген суроого жооп берген жок.
Тургундардан алынган торлор боюнча Нурсултан Бейшенбек «алардын баары базада турат, келип алып кетсе болот» деп жооп берди.
Анара Мамытова