Кыргызстанда аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттери үчүн кенемте төлөтүү сунушталуудаАКШ Ирандагы объекттерге сокку урду — Тегеран жооп кайтардыАдылбек Касымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу аземине катыштыКРСУ жана КФС студенттик футболду өнүктүрүшөтКырсыктан кийин Фергана каналында айдоочуну 100дөн ашык адам издеп жататИшкерлерди текшерүүлөрдү прокуратурада каттоону сунушташууда
Өлкөдө бир апта аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт
18.07.2022 | 16:04
Гидрометеорология кызматы Кыргызстанда 20-июлдан 25-июлга чейин ченинен аба ырайы өтө ысый турганын эскертти.
Синоптиктердин айтымында, өлкө боюнча аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт.
Маалым болгондой, Чүй облусунда абанын температурасы +41, түштүк аймактарда +42, Талас өрөөнүндө +39, Ысык-Көлдө +34 градуска чейин көтөрүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айыл чарбада эгин, өсүмдүктөрдү сугарып тууруну жана адам баласы күндүн тике тийген нурларынан сактануу керектигин эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом