«Үй бар»: Баткен коогасында жардамга кол сунган инсан сыйланды

«Үй бар»: Баткен коогасында жардамга кол сунган инсан сыйланды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну Келдибек Матисаевге ыраазычылык айтканын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Келдибек Матисаев 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү болуп өткөн коогалаңда чек ара айылдарынан эвакуация болгон жарандарга жардам колун сунган инсан.

Облус башчысы  өз кезегинде Келдибек Матисаевге кыйын кырдаалда жабыркаган үй-бүлөлөргө патриоттук сезимде кол сунуп, өлкөнүн бүтүндүгү , элибиздин келечеги үчүн кошкон салымы жана өз учурунда материалдык, моралдык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл, мындан сырткары оор кырдаалда колдоо көрсөтүп, жабыркаган үй бүлөлөргө жардам берген ар бир кыргызстандыкка Баткен элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, жол жээгинен «үй бар» деген жазуусу бар картон кагаз көтөрүп алып үйлөрүн таштап кеткен тургундарга биринчилерден болуп кол сунган. Бул аракети кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>