Үй-бүлөлүк акчаны тоноп кетишти деген келиндин калпы чыкты

Үй-бүлөлүк акчаны тоноп кетишти деген келиндин калпы чыкты

Үй-бүлөлүк акчаны короткон аял кылмыш тууралуу билдирүү менен аны жашырууну чечкен.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 9-октябрда билдиргендей, милиция кызматкерлерине Москва районунун Петровка айылынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 8-октябрь күнү саат 12лер чамасында алардын үйүнө каракчылар киришкен. Аялын зомбулук менен коркутуп, 215 миң сомун жана смартфонун алып кетишкен.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен каттоого алынган. Тергөө иштерине Чүй ОИИБдин жана Москва РИИБдин тергөөчүлөрү менен кызматкерлери тартылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө арыз ээсинин аялына карата эч кандай тоноо фактысы жок экени белгилүү болгон. Маалым болгондой, 1999-жылы туулган У.М., акчанын бир бөлүгүн өзүнүн жеке муктаждыктарына жумшап, кылмыш боюнча оюнан чышарып айтып койгон. Ал калган 127 миң сом менен телефонду кайда катканын көрсөткөн.

Жыйынтыгында аялга карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды, анын жыйынтыгы менен ага юридикалык баа берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>