Үй-бүлөлүк зомбулукка туш болсоңуз, милицияга кайрылуу керек (видео)

Үй-бүлөлүк зомбулукка туш болсоңуз, милицияга кайрылуу керек (видео)

Бишкектин Ленин райондук милициясы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган же күбөсү болгон жарандарды милицияга кабар берүүгө чакырат.

Үй-бүлөдөгү зомбулук — бул үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн экинчисине карата мыйзамдуу укуктарын, эркиндиктерин бузган, ага физикалык же психикалык жактан зыян келтирген аракеттери.

«Бул жалпы ден-соолукка олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Үй-бүлөлүк зомбулуктун бир нече түрлөрү бар: физикалык, психологиялык жана экономикалык. Кордоо, урушуу, коркутуу, обочолонтуу дагы зордук-зомбулуктун көрүнүшү. Айрыкча балдар үй-бүлөдөгү уруштарды жана чыр-чатактарды көргөндө, жабыр тартат. Мунун баары баланын эмоционалдык абалына, анын өнүгүшүнө жана коомдогу инсан катары калыптанышына таасир этет», — деп билдирет милиция.

Милиция үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган же күбөсү болгон жарандарды 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>