Yйүнө жетүү үчүн унаа айдап качкан жарандан баңгизат табылды

Yйүнө жетүү үчүн унаа айдап качкан жарандан баңгизат табылды

Ысык-Көлдө унаа айдап качкан жарандан баңгизат табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө уюлдук телефон аркылуу Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну Ж.Ждан билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө ошол эле күнү өзүнө тийешелүү “Деу Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасын короосунда токтоп турган жеринен белгисиз адамдар айдап качып кеткенин билдирген.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-(Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ысык-Көл районунун аймагында “ПЕРЕХВАТ” операциясы жүрүп, көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан, аталган “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү автоунаа Түп  районуна карай бара жатканы маалым болуп, Бостери айылынын күн чыгыш тарабынан  кармалган.

Автоунааны айдап качкан жаран Түп районунун 37 жаштагы тургуну  О. К. болуп чыкты. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө, өзү жашаган Түп районуна жетип алуу максатында айдап качкандыгы жөнүндө  билдирген.

Ошондой эле, шектүү Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, өздүк кароо жүргүзүү учурунда, өзү кийип жүргөн өңү кара түстөгү курткасынын оң чөнтөгүнөн целофан баштыка салынган өңү жашыл түстөгү жапайы өскөн, өзгөчө кендир жыты бар зат табылып алынган. Анын таза салмагы 112 граммды түзгөн.

Аныкталган  факты боюнча шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 282- (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренесинин негизинде дагы бир кошумча кылмыш иши козголгон.

Алгачкы суракта, шектүү күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып,   Ысык-Көл райондук  соту тарабынан, шектүүгө карата 2 ай мөөнөттүк камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>