«Үмүт» эл аралык кино форуму өтөт

«Үмүт» эл аралык кино форуму өтөт

Бишкек шаарында “Үмүт” эл аралык кино форуму 29-марттан 1-апрелге чейин болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Форум режиссёрлордун жаңы ысымдарын табуу, таланттуу жаштарды колдоо, КМШ өлкөлөрүнүн жалпы эле кинематография жана маданият тармагындагы диалогун өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жылы тасмаларды көрсөтүү кино адистери менен талкуу форматында өтөт, анда Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы кинематография адистеринин эксперттик пикирлери, сунуштары жана сунуштамалары орун алат.

Ошондой эле белгилүү кинематографисттердин кызыктуу мастер-класстары жана «А»классындагы абройлуу дүйнөлүк кинофестивалдардын катышуучуларынын салттуу атайын көрсөтүүлөрү күтөт.

Ошондой эле белгилүү кинорежиссерлор тарабынан кызыктуу мастер-класстар жана абройлуу дүйнөлүк “А” классындагы кинофестивалдарга катышкан тасмалардын салттуу атайын көрсөтүүлөрү күтүлөт.

Мындан тышкары форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандары үчүн питчинг сессияларын өткөрүү мерчемделүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча режиссёрлор долбооруна жарым-жартылай каржылык колдоо алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Форумдун программаларына катышуу шарттары менен http://iffumut.com/ сайтынан тааныша аласыздар.

Арыздар 2024-жылдын 18-мартына чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: кино форум

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>