КР Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукциясын экспорттоо эрежелерин эскерттиШарджа – Ош жана Бишкек багыттары боюнча авиакаттамдар кайра жанданатБорбордук көчөлөр тазаланып, ички короолорго кезек жеткен жок — жашоочулар жолго чыга албай калыштыЖайытты мотоцикл менен тебелеген жаранга айып пул салындыОш шаарында 10 жаңы сквер ачылдыБийик тоолуу Алайда дарыгерлердин тартыштыгы маселеси чечилип, оорукана жаңыланды
«Ынтымак» командасы «Достукту» ири эсеп менен утуп, президенттин кубогун алды
08.11.2020 | 16:59
Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өткөн көкбөрү боюнча президенттин кубогун Таластын “Ынтымак” командасы утуп алды. Финалда “Ынтымак” Оштун “Достук” командасын 9:2 эсеби менен жеңип, жогорку лиганын чемпиону болду.
Кечээ, 7-ноябрда, жогорку лиганын коло байгеси үчүн болгон беттеште “Сары-Өзөн” командасы “Жаш Күчтү” 9:1 эсеби менен жеңип, үчүнчү орунду камсыздаган.
Ал эми биринчи лиганын баш байгесин “Мурас”, экинчи орунду “Ала-Тоо”, үчүнчү орунду “Келечек” командасы ээлеген.
Белгилей кетсек, быйыл пандемиядан улам өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата өтүүчү ат оюндары боюнча мелдештер өз убагында өтпөй калып, 3-8-ноябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көрүүчүлөрсүз өттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт